Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери интернет алдамчылыгына шектүүнү кармашты
27 ноябрь

Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери интернет алдамчылыгына шектүүнү кармашты

Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгына Ч.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 2025-жылдын 14-ноябрында белгисиз адам WhatsApp мессенджери аркылуу чалып, өзүн Бишкек шаардык кеңешинин төрага орун басары катары тааныштырып, ишенимине кирип, болжол менен 300 миң сом акча каражатын алганын билдирген.

Аталган факты боюнча Свердлов районунун ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209¹-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана ыкчам-техникалык иш-чаралардын жыйынтыгында борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган Ш.Д. аттуу шектүү кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган бардык зарыл тергөө жана ыкчам-техникалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө улантылууда.