Быйыл Чыгыш РЭТи 111 трансформаторун капиталдык оңдоодон өткөрөт
2025-2026-жж. күз-кыш мезгилине электр жабдууларын даярдоонун максатында “КУЭТ” АККтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын Чыгыш РЭТи электр жабдууларында оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Алсак, энергетиктер оңдоо иштеринин планына ылайык 111 трансформаторду жана 78 чакырымдан ашык 10-6 /0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын капиталдык оңдоодон өткөрүшөт.
2025-жылы Чыгыш РЭТи боюнча 3,8 чакырымдан ашык 0,4 кВ чыӊалуудагы эскирген алюминий зымдарын заманбап СИП-2 зымдарына жана 7,8 чакырым 6 кВ чыӊалуудагы аба чубалгыларын СИП-3 зымдарына алмаштыруу иштери пландаштырылууда. Ошондой эле, энергетиктер 5 чакырымдан ашык кабелдик чубалгыларында реконструкциялоо иштерин жүргүзүшөт.
Мындан тышкары, 21 трансформаторлор кубаттуулугу жогору трансформаторлорго алмаштыруу жана 1 даана кошумча трансформатор орнотуу иштери пландаштырылган. Ошону менен бирге Чыгыш РЭТтин кызматкерлери 5 даана шкаф ШТККЧ (шаар тибиндеги комплекттүү көмөк чордон) орнотушат.
Быйыл адистер 635 трансформаторду жана 548,3 чакырым аба чубалгыларын кезектеги оӊдоо иштеринен өткөрүшөт.
