Чукул билдирүү! Каракол – Эңилчек жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт
21 апрель

Чукул билдирүү! Каракол – Эңилчек жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт

Үстүбүздөгү жылдын 22-24-апрель күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин эскертет жана зарыл болбосо жолго чыкпай турууну сунуштайт.