КР ТИМ февралда 20,8 миң жаранга консулдук кызматтар боюнча консультация берген
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо жана консулдук кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
2025-жылдын февраль айынын ичинде Министрлик, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана консулдук мекемелер тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыкчам жана үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлдү.
Анын ичинде:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча кабыл алуучу өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен 14 жолугушуу өткөрүлдү;
- жарандарды документтештирүү боюнча 25 233 консулдук иш-аракеттер жана консулдук кызматтар көрсөтүлдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча 3 552 консулдук иш-аракеттер аткарылды;
- жарандардын 156 жазуу жүзүндөгү кайрылуусу жана 321 электрондук кайрылуусу оң чечилди;
- консулдук кызматтарды алуу маселелери боюнча 20 085 жаранга консультациялар берилди;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ыкчам байланыш телефондору аркылуу 9 175 адамга консультация берилди;
- Кыргыз Республикасынын 2655 жаранына консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлдү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын (чет мамлекеттердин укук коргоо, сот органдары, медициналык жана башка мекемелери) катышуусу менен кырсык болгон жерлерге, 128 консулдук чыгуулар уюштурулду;
- Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу үчүн Стамбул провинциясында жайгашкан “Чаталжа” жана “Арнавуткой”, ошондой эле “Газиантеп” (Түркия) миграция борборуна консулдук чыгуулар уюштурулду;
- Дубай (БАЭ), Париж (Франция), ошондой эле Москва, Новосибирск жана Казань шаарларында (Россия) жайгашкан жети түзөтүү мекемелерине консулдук чыгуулар уюштурулуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндигинен ажыратууга соттолгон 49 жараны менен консулдук жолугушуулар өткөрүлдү;
- консулдук кызматкерлер Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн Россиянын, Кореянын, Катардын, Малайзиянын жана Түркиянын сотторунда жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча он сегиз сот отурумуна катышты;
- Кыргыз Республикасынын 8 жаранына кылмыш жазаларын жеңилдетүүгө / алардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүлдү;
- Казакстанда, Россияда, Түркияда, Японияда жана Малайзияда оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын 40 жаранына мекенине кайтууга көмөк көрсөтүлдү;
- чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын 20 жаранынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоого көмөк көрсөтүлдү.
