Депутаттар унаалардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну кайра жылдырууну сунушташты: 1,5 миллион унааны камсыздандырууга мүмкүн эмес
3 декабрь

Депутаттар унаалардын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну кайра жылдырууну сунушташты: 1,5 миллион унааны камсыздандырууга мүмкүн эмес

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 3-декабрда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоору тууралуу маалымат берген экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаеванын айтымында мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында турак жайды милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды шайкеш келтирүү, транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин жөнгө салууга багытталган.

«Мыйзам долбоору Президенттин «Кыргыз Республикасында камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө», «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» жарлыгын аткаруу үчүн жана турак-жайды милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү укуктук-ченемдик актыларды мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкты», – деп белгиледи баяндамачы.

Талкуу учурунда депутат Исхак Масалиев камсыздандыруучу компанияларга элдин эсебинен киреше табуусуна шарт түзүлүүдө деген пикирди айтып, мыйзам долбооруна каршы чыкты. Ал камсыздандыруу кенемтесинин өлчөмүн жана камсыздандырылган окуялардын санын сурады.

Депутат Эльдар Абакиров турак-жайды жана унааны камсыздандыруу механизмдери боюнча эл арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

«Калктын 70-80% камсыздандыруу механизмин түшүнбөйт. Мындан тышкары 2025-жылдын 1-январына чейин ОСАГО полисин 1,5 миллион автотроанспортко берип үлгүрүү мүмкүн эмес, андыктан автоунаа ээлеринин  жарандык-укуктук жоопкерчилиги боюнча мөөнөттү кайра карап чыгуу зарыл», – деди ал.

Депутат Бактыбек Сыдыков да автоунаа ээлеринин милдеттүү камсыздандыруу боюнча жарандык-укуктук жоопкерчилиги боюнча мөөнөттү бир жылга, тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январына чейин узартууну сунуштады.

«Өлкөдө камсыздандыруу системасы сөзсүз иштеши керек, бирок мындай ыкма менен бюджет толтуруу  максаты болбош керек.  Эл арасында ОСАГО полисинин артыкчылыктары, турак-жайды табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу  тууралуу түшүндүрүү иштерин катуу жүргүзүү зарыл», – деди депутат Бактыбек Сыдыков.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.