Студенттерге Кыргызстандын салык системасы тууралуу айтып беришти
3 декабрь

Студенттерге Кыргызстандын салык системасы тууралуу айтып беришти

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын Ишкерлерди тейлөө борборунда студенттер үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Бишкектеги ЕККУ академиясынын 50дөн ашык студенттери Ишкерлерди тейлөө борборуна барып, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн процесстери менен таанышышты.

Иш-чарада катышуучуларга Кыргызстандын салык системасы тууралуу айтып беришти.

Салык кызматынын кызматкерлери студенттерге салыктардын түрлөрү, ишкерлерди каттоонун жол-жоболору, ошондой эле салык декларацияларын тапшыруу жөнүндө кеңири түшүндүрүштү. Салык жеңилдиктерине жана аларды колдонуу механизмдерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле студенттерге электрондук салык сервистеринин системасы кандай иштей тургандыгы, консультацияларды кантип тез жана ыңгайлуу алууга боло тургандыгы, ошондой эле салыктык контролдоонун ар кандай этаптары жана салык органдары менен өз ара аракеттенүү кандай өтөөрү көрсөтүлдү.

Ишкерлерди тейлөө борборунда Ачык эшиктер күнүн уюштуруу студенттерге салык системасы жөнүндө теориялык маалыматтарды гана албастан, салык салуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдар кандай иштеп жатканын иш жүзүндө көрүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Мындай иш-чаралар финансылык сабаттуулукту жогорулатууда жана Кыргызстандын азыркы экономикасынын шарттарында натыйжалуу иштей ала турган квалификациялуу адистерди даярдоодо чечүүчү ролду ойнойт.