Бишкектин мектептеринде 96 гана аутизм жана Даун синдрому бар бала окуйт
Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Аутизм, Даун синдромуна жана церебралдык шал илдетине чалдыккан балдардын көйгөйлөрүн жана ушул жааттагы мыйзамдарда каралган алардын укуктарынын сакталышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы жөнүндө” КР ЖК 2024-жылдын 5-июнундагы № 2142-VII токтомунун аткарылышы жөнүндө маалыматты укту.
Талкуунун жүрүшүндө комитеттин мүчөлөрү атайын билим берүү мекемелерине, аутизм, даун синдрому менен ооруган балдар үчүн реабилитациялык борборлорго кызыгышты. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин башчысы Рахат Мусаева борбор калаада 3 атайын мектеп, 12 бала бакча, ошондой эле 6 мектепте коррекциялык класстар бар экенин билдирди. Анын айтымында, 3 мектепте аутизм жана даун синдрому менен ооруган 96 бала билим алат, ошол эле учурда аутизм жана даун синдрому менен ооруган 84 бала мектепке чейинки мекемелерде тарбияланат. Депутаттар Элдар Абакиров, Бахридин Шабазов ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоого, дарылоого жана окутууга ыңгайлашкан реабилитациялык борборлордун, спорттук борборлордун жетишсиздигине көңүл бурушту. Депутат Бакытбек Сыдыков балдардын бул категориясын активдүү социалдаштыруу, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлүшү керектигин баса белгиледи.
