Сабиров: 2026-жылдан тартып 7-балага миллион, 10-балага 2 миллион сом төлөнөт
21 апрель

Сабиров: 2026-жылдан тартып 7-балага миллион, 10-балага 2 миллион сом төлөнөт

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-январынан тартып балага бир жолку төлөнүүчү сүйүнчү пул жаңы эрежелердин негизинде төлөнүп баштайт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров билдирди.

«Бала береке» мамлекеттик программасынын негищинде 2026-жылдын 1-январынан баштап үй-бүлөдөгү 4-балага 100 миң сом бир жолу төлөнүүчү сүйүнчү пул берилет. 7-балага миллион сом, 10-балага 2 миллион сом. Андан ары да төрөлгөн балдарга 2 миллион сомдон төлөнүн жүрүп отурат. Азыр биз бул боюнча мониторинг жүргүзүүдөбүз. Анын негизинде Кыргызстанда жылына 13-14 миң бала төрөлөөрүн тактадык. Бул сүйүнчү пулдарды төлөө бала 1 жашка чыккандан кийин ишке ашырылат», – деди министр.