Жергиликтүү жамааттардын жашоосун жакшыртуу боюнча долбоорлорго 119 миңден ашуун адам катышты
21 апрель

Жергиликтүү жамааттардын жашоосун жакшыртуу боюнча долбоорлорго 119 миңден ашуун адам катышты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВПП) ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында республиканын бардык айыл өкмөттөрүндө 901 инфраструктуралык, билим берүү жана киреше алып келе турган долбоор ишке ашырылган.

Жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү долбоорлоруна жалпысынан 23 763 муктаж үй-бүлө (119 481 адам) катышты. Алардын аткарган иштери үчүн жалпы 6 132 тонна азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) бөлүштүрүлгөн.

Мындай долбоорлордун бири – быйыл апрель айында Панфилов районунда старт алган «Букара жана Тельман айылдарында алма көчөттөрүн отургузуу жана алма багынын аймагын тосуу» долбоору болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси С.Вакунов жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен биргеликте «Букара жана Тельман айылдарында 6,8 гектар жерге алма көчөттөрүн отургузуу жана 1210 метр аймакты тосуу» долбоору менен таанышышты.

Жергиликтүү жамаат Россия Федерациясындагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен 2 000 көчөт жана тосмо материалдарын камсыздады, ал эми ДАП долбоордун катышуучуларынын эмгек акысын төлөп берди.

Натыйжада долбоордун 24 катышуучусу жалпы 7,9 тонна азык-түлүк алышат, анын ичинде ар бирине 300 кг байытылган ун жана 30 литр өсүмдүк майы берилет. Бул демилге топурактын деградациясынын алдын алууга, жашыл аймактарды түзүүгө жана келечекте алма дарактары жемиш бергенде айыл тургундарына кошумча киреше алып келүүгө багытталган.