Кыргызстанда жеке үйлөр эң кымбат Бишкекте: аймактардагы баалар кыйла төмөн
сүрөт: depositphotos.com
6 октябрь

Кыргызстанда жеке үйлөр эң кымбат Бишкекте: аймактардагы баалар кыйла төмөн

Мамлекеттик каттоо кызматынын 30-сентябрда жарыяланган, 2026-жылдын август айына карата маалыматына ылайык, турак жай үйлөрдүн бир чарчы метринин орточо баасы боюнча Бишкек шаары аймактардан кыйла алдыда.

Борбор калаада үйдүн 1 чарчы метринин баасы 164 350 сомду түзгөн. Экинчи орунда Аламүдүн району – 135 232 сом. Бишкек менен Аламүдүн районунун айырмасы чарчы метрине 29 миң сомдон ашат.

Үчүнчү орунда Каракол–Ак-Суу району – 117 741 сом. Сокулук районунда турак жайдын 1 чарчы метри 105 072 сомду түзгөн. Ушул төрт аймакта гана көрсөткүч 100 миң сомдон жогору болгон.

Кийинки топто баалар кыйла төмөн. Ош районунда үйдүн 1 чарчы метри 91 664 сом, Нарын районунда 91 188 сом деп көрсөтүлгөн.

Жалал-Абадда бул көрсөткүч 74 518 сомду, Кызыл-Кыяда 74 413 сомду түзгөн.

Аксы районунда үйдүн 1 чарчы метри орточо 68,3 миң сом, Жайыл районунда – 65,9 миң, Чүй-Токмок районунда – 65,5 миң, Ала-Бука районунда – 63,3 миң, Жети-Өгүз районунда – 61,8 миң сом болгон.

Ал эми эң төмөн көрсөткүчтөр Тогуз-Торо районунда – 642 сом, Ак-Талаа районунда – 2 356 сом, Сузак районунда – 6 712 сом жана Кара-Кулжа районунда – 7 408 сом болуп катталган.

Ошол эле учурда Мамлекеттик каттоо кызматы катталган бүтүмдөрдүн санын көрсөтпөгөндүктөн, айрым аймактардагы өтө төмөн көрсөткүчтөрдү райондогу үйлөрдүн жалпы рыноктук баасы катары түз кабыл алууга болбойт.