Нурбек Букуев Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болду
3 декабрь

Нурбек Букуев Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болду

Нурбек Букуев Улуттук онкология жана гематология борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Жаңы жетекчини бүгүн жалпы жамаатына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тааныштырды. 

Иш-чаранын жүрүшүндө министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Алымкадыр Бейшеналиев Нурбек Медетбековичтин жетекчилиги астында борбордун позициясы бекемдеп, дарылоонун алдыңкы ыкмаларын киргизип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөөрүнө ишеним билдирди.