Эмгек министрлиги: Учурда бала башкармалыктын социалдык кызматкерлери тарабынан өз үйүнөн тейленип жатат
Кочкор районуна караштуу Кочкор айылынын 37 жаштагы тургуну Абсеитов Азамат редакцияга 7 жаштагы уулун социалдык кызмат тартып алууга аракеттенип жатканын билдирген.
Абсеитов Азамат ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген: көзү көрбөйт жана кулагы начар угат. Айтымында, учурда уулун жалгыз бой тарбиялап жаткандыктан тиешелүү кызматтар баланы мамлекеттин камкордугуна алууну туура деп тапкан.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Абсеитовдун билдирүүсүн четке какты. Белгиленгендей, аталган жаран ден соолугуна байланыштуу башкармалыктын көзөмөлүндө турат. Ага ылайык, ай сайын мониторинг жүргүзүлүп, азык-түлүк жаатынан жардам берилет.
«Ал эми Абсеитов Азаматтын уулу Кожоев Нурисламды мамлекеттин камкордугуна алуу тууралуу сөз болгон эмес. Учурда бала башкармалыктын социалдык кызматкерлери тарабынан өз үйүнөн тейленип жатат», – деп билдирет аталган башкармалык.
