Комитетте Оштогу тазалоочу курулмаларды модернизациялоого багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды
12 январь

Комитетте Оштогу тазалоочу курулмаларды модернизациялоого багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2025-жылдын 13-майында Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарындагы КТСны кеңейтүү долбоору» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа Бирлигинин Борбордук Азия үчүн инвестициялык фондунан берилүүчү инвестициялык гранты тууралуу гранттык макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарындагы КТСны кеңейтүү долбоору» долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын атайын фонду – Жашыл климаттык фондунан инвестициялык гранты тууралуу гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоору менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асель Кененбаева тааныштырды.

Маалым болгондой, мыйзам долбоорунда 1965-жылы курулган Ош шаарынын канализациялык тазалоочу курулмаларынын биринчи комплексин модернизациялоо, өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу жана жаңы заманбап эффективдүү жабдууларды орнотуу каралган.

«Долбоордун алкагындагы каржылоо – 8,3 млн еврону түзөт, анын ичинен кредит – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 15 жылга 4,0 млн евро. 4 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен жылдык 1,0 % + Euribor 6 айлык пайыздык чени менен. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл», – деп билдирди баяндамачы.

Талкуу маалында депутаттар гранттык жана кредиттик каражаттарды төлөө шарттары, долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрү боюнча маселелерди такташты. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.