Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун бизнес-өнөктөштөрүнүн жолугушуусунда саламаттык сактоо тармагындагы артыкчылыктарын сунуштады
9 апрель

Кыргызстан Түрк мамлекеттер уюмунун бизнес-өнөктөштөрүнүн жолугушуусунда саламаттык сактоо тармагындагы артыкчылыктарын сунуштады

Казакстандын борбору Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) расмий иш-чарасынын алкагында «ТМУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагына инвестиция тартуу» темасында бизнес-өнөктөштөрдүн жолугушуусу өттү. Бул иш-чарага уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, бизнес чөйрөсүнүн, эл аралык уюмдардын жана инвестициялык түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын делегациясы саламаттык сактоо министри Эркин Маратович Чечейбаевдин жетекчилиги алдында катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо тармагында өнөктөштүктү бекемдөө, өлкөлөр аралык кызматташууну кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу үчүн ачык жана натыйжалуу аянтча түзүү болду.

Өзүнүн сөзүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри улуттук саламаттык сактоо системасына стратегиялык инвестиция тартуу үчүн негизги артыкчылыктуу багыттарды белгиледи. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

Дары-дармек жана медициналык жабдууларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүүнү локалдаштыруу;

Эл аралык стандарттарга жооп берген, заманбап көп профилдүү медициналык борборлорду куруу;

Калкка жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнүн негизи болгон — биринчилик медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү;

Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу программаларын камтыган коомдук саламаттык сактоону чыңдоо, бул системага түшкөн жүктү олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет;

Түркиянын тажрыйбасын эске алуу менен молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдү колдонуу аркылуу жекелештирилген медицинаны ишке киргизүү;

ТМУ өлкөлөрүнүн ортосунда дары-дармек жана медициналык буюмдарды чогуу жана стратегиялык негизде сатып алуу механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Кыргыз тарап потенциалдуу инвесторлор менен ачык жана узак мөөнөттүү кызматташууга даяр экенин билдирип, түрк мамлекеттеринин биргелешкен аракеттери туруктуу жана натыйжалуу саламаттык сактоо системаларын түзүүгө маанилүү салым кошоруна ишенимин билдирди.