Жалал-Абад Евробиримдик менен кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбаларын коңшу өлкөлөр менен бөлүшүүдө
11 июль

Жалал-Абад Евробиримдик менен кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбаларын коңшу өлкөлөр менен бөлүшүүдө

Жалал-Абад облусу Евробиримдик менен кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбаларын коңшу өлкөлөр менен бөлүшүлүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Бул багытта өткөн жыйынга КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Өзбекстан Республикасынын Андижан, Наманган жана Фергана облустарынан келген өкүлдөр, коңшу өлкөнүн Экономикалык өнүктүрүү жана жакырчылык менен күрөшүү министрлигинин кызматкерлери, Германиянын GlZ программасынын эки өлкөдөгү кызматкерлери катышты.

Жолугушууда Евробиримдик менен Жалал-Абад облусунда экономикалык жана гуманитардык багыттарда ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Өзгөчө GIZ программасынын алкагында айыл жергесинде калктын аярлуу катмарларын колдоо, жакырчылыкты кыскартуу боюнча маанилүү иштер аткарылганы белгиленди.

Мында 2018-жылдан бери Жалал-Абад облусунда GIZттин “Региондорду комплекстүү өнүктүрүү” программасынын алкагында 11,3 миллион еврону түзгөн долбоорлор ишке ашырылганы маалымдалды.

Бул долбоордун алкагында айыл чарба өндүрүшүндө кошумча нарк чынжырын өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча жумуштар аткарылган. Туризм тармагы, Базар-Коргон, Сузак, Ала-Бука жана Ноокен райондорунда буудай, жүгөрү жана пияз өстүрүүдө мыкты натыйжаларга жетишилген.

Облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүү жана алдыга коюлган максаттарга биргеликте жетүү үчүн тажрыйба алмашуу абдан маанилүү экенин айтып, Жалал-Абад облусу бул багыттагы тажрыйбаларын бөлүшүүгө жана кызматташууга ар дайым даяр экенин кошумчалады.