Жеке менчик турак жай ээлери үчүн маалымат
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти шаар тургундарына Бишкек шаарынын аймагында жеке турак жай куруу үчүн кошумча жер тилкелерин берүү боюнча маалымат берет.
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы №95 «Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн кошумча жер тилкелерин ижара шартында (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»токтомун аткаруунун алкагында департамент муниципалдык менчикте турган жеке турак жай куруу үчүн кошумча жер тилкелерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Муниципалдык аймакка чыгып кеткен жеке үйлөрдүн ээлери Чокморов көчөсү, 246 дарегинде жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылуусу зарыл.
Арыздарды кабыл алуу «Бирдиктүү терезе» тартибинде жүргүзүлөт.
Арызга төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү тиркелет:
- Негизги жер тилкесине укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтер;
- Арыз ээсинин өздүгүн тастыктоочу документ, эгерде арыз ээси юридикалык жак болсо, уюштуруу документтери керектелет.
Жер тилкесинин менчик ээси белгиленген мөөнөттө кайрылбаган учурда, департамент жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды четтетүү (бузуу) боюнча чараларды көрүү үчүн билдирүү жөнөтөт.
Мында департамент төмөнкү учурларда ижара келишимин бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу:
- эгерде ижарачы тарабынан 6 (алты) айдан ашык мөөнөттө өз убагында төлөнбөсө;
- эгерде мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан тиешелүү чечимдер, актылар чыгарылса.
Жер тилкелерин пайдалануу укугун өткөрүп берүүдөн түшкөн каражаттар шаардык бюджетке түшөт. Бишкек шаары боюнча бардык суроолор үчүн 0312 97 91 95 телефонуна кайрылсаңыз болот, кошумча номери 4205.
