Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды
21 апрель

Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 күжүрмөн эсеп тартылган.

ӨКМден кабарлашкандай, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 2;
  • Ош шаарында – 1;
  • Ош облусунда – 1;
  • Чүй облусу – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.