Бажычылар жүк ташуучу унааларды ташып келүүдө документтерди жасалмалоо фактыларын аныктады
21 апрель

Бажычылар жүк ташуучу унааларды ташып келүүдө документтерди жасалмалоо фактыларын аныктады

Мамлекеттик бажы кызматы жүк ташуучу унааларды ташып келүүдө документтерди жасалмалоо фактыларын аныктады.

Маалыматка ылайык, контрабандага, баңгизат бизнесине жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБдин бажы аймагына Кытайдан Кыргыз Республикасынын субъекттерине келген жүк ташуучу унааларды - HOWO үлгүсүндөгү сүйрөгүчтөрдү жалган декларациялоо фактыларын аныкташты.

Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн айрым катышуучулары бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында алдамчылык аракеттерге барганы аныкталды. Тактап айтканда, заводдук стикерлерди алмаштыруу жана жалган документтерди көрсөтүү ыкмалары колдонулуп, натыйжада унаалардын чыгарылган жылдары атайылап жогорулатылган. Бул бажы наркын эсептөөгө таасирин тийгизип, төлөнүүчү бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн азайткан.

Мамлекеттик бюджетке 13,7 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Иштин материалдары Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.