Чу дарыясынан изделип жаткан жарандын сөөгү табылды
Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жарандын жансыз сөөгү 21-апрелде табылды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар сөөктү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эске сала кетсек, 15-апрелде 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылында сууга түшүп кеткен.
