Айдоочу, абайла! Тоң-Мурун ашуусунда жол көрүнбөй, катуу бороон болууда
21 апрель

Айдоочу, абайла! Тоң-Мурун ашуусунда жол көрүнбөй, катуу бороон болууда

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол көрүнбөй, катуу бороон болууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы эскертет. 

Билдирүүгө ылайык, аймакты караган № 960 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен үзгүлтүксүз тазалоо иштерин аткарып жатышат.

"Каттам бар. Бирок абанын төмөнкү температурасынын кесепетинен оор жүк ташуучу унаалардын «аба» системалары тоңуп, жол тазалоо иштерине тоскоолдуктарды жаратууда", - деп айтылат маалыматта.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эскертет!

Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпаңыз. Сиз эрежени гана бузбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаратарыңызды унутпаңыз.

Унаалар ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керек.