«Марал» радиосу ишмердүүлүгүн токтотту. Себеби
«Марал» радиосунун башкаруу кеңешинин чечими менен «Марал» радиосу өз ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу аталган радиондон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каржылыктын жоктугу негизги себеп болгон.
««Марал» радиосунун жыштыгы сатылгандыгына байланыштуу андан чыккан маалыматтарга биз жоопкерчилик албайбыз. Сатылышында эч кандай саясий маселе жок. Ушунча убакыттан бери биздин такай окурман, угарманыбыз болуп келген элге ыраазычылык билдиребиз», - деп айтылат расмий билдирүүдө.
«Марал» радиосу дээрлик 15 жылга жакын убакыттан бери обого чыгып келген. Бул аралыкта бир катар тепкичтерди басып өтүп, өзүнүн калыстыкты карманган бейтарап уктуруулары менен көптөгөн угармандын жүрөгүнөн орун алды.
Радио негизинен агартуу багытына басым коюп, элди адеп-ахлакка үндөөгө, маданий-руханий сабатын арттырууга, билимин ар тараптуу өстүрүүгө арналган уктурууларды ободон жаңыртып келген.
«Марал» компаниясы 2010-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, компаниянын алдында уюшулган «Марал» радиосу 2011-жылдын 11-декабрында обого чыккан. «Марал» - радио, ТВ жана сайт болуп мултимедиалык багытта иш алып барган.
