Ошто милициянын подполковниги кармалды. Окуянын чоо-жайы
3 декабрь

Ошто милициянын подполковниги кармалды. Окуянын чоо-жайы

УКМК тарабынан органдардагы, атап айтканда, ички иштер органдарынын тутумундагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, КР ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте Араван райондук ИИБнын КР Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча орун басары 120 миң сом алып жаткан жеринен пара менен кармалды.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 28-ноябрында УКМКга жаран Араван райондук ИИБсынын кызматкерине карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Аталган жарандан кылмышка шектелип Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткан уулуна карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандоого көмөктөшүү үчүн 150 000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражаты опузаланган.

"Өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык кызыкчылыгына каршы келген мыйзамсыз аракеттерин улантууда", - деп айтылат билдирүүдө.