Ысык-Ата районунда «1-Май» суу сактагычы пайдаланууга берилди
21 апрель

Ысык-Ата районунда «1-Май» суу сактагычы пайдаланууга берилди

Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын Интернационал айылында жайгашкан 1-Май декадалык жөнгө салуучу бассейни (ДЖСБ) пайдаланууга берилди. Анын сыйымдуулугу 1,098 млн.м3. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунда жайгашкан "Рассвет" каналы менен 1-май декадалык жөнгө салуу бассейнинин оңдоп-түзөө, курулуш иштерин көзөмөлдөп, текшерип чыкты.

Суу сактагычка суу "Рассвет" каналы аркылуу толтурулат. Буга дейре ДЖСБ техникалык абалы начар болгондуктан колдонулбай келген.

2024-жылы Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына алынып, капиталдык оңдоо иштери башталган. Жыйынтыгында суунун жоготуларын азайтуу максатында аталган суу сактагычка 243 миллиондон ашык акча каражаты каралып, геомембрана төшөлдү.

ДЖСБ жалпы аянты 7827 гектар түзгөн Чыгыш Чоң Чүй каналы тармагын кошумча суу менен камсыздайт.

Ал эми "Рассвет" каналы 1963-жылы курулуп бүтүп, ишке берилген. Каналдын жалпы узундугу 8,3 км анын ичинен 4,3 км аралыгы таш менен капталган жана 4,0 км «Г» түрүндөгү курама блоктор менен курулган.

Аталган канал жалпы аянты 7827 гектар болгон жерди сугарган Чыгыш-Чоң-Чүй каналын кошумча суу менен камсыз кылат. Андан тышкары каналда аянты 382 гектар түзгөн Нурмамбет суу бөлүштүрүүчү курулмасы жайгашкан. Каналдын таш төшөлгөн бөлүгүнүн жээктери бузулушуна байланыштуу тез арада чара көрүү максатында сууну токтотуу жолу менен калыбына келтирүү иштери аткарылган мезгилде Чыгыш-Чоң-Чүй каналы системасында суу ресурстарынын тартыштыгын пайда болчу.

Каналдын маанилүүлүгү эске алынып, былтыр 2024-жылы реконструкциялоо иштери башталып, каналдын таш төшөлгөн тилкесин бетондоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жалпы наркы 79 миллион сомдон ашык каражатты түзгөн оңдоо жумуштары, ушул жылдын IV чейрегинде толук бүткөрүлөт.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө министр Бакыт Төрөбаев министриликтин жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын тиешелүү жетекчилерине оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу бүткөрүүнү жана жазгы-жайкы сугат мезгилинде дыйкандарды суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу табыштады. ️