Жыл башынын тартып, Чүй облусу аймагында 54 миң 751 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган
9 апрель

Жыл башынын тартып, Чүй облусу аймагында 54 миң 751 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган

Ыкчам кеңешмеге Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги М.Сыдыгалиев жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ЖКК жана УКПнын башчысы милициянын капитаны Н.Эрназаров Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын башчысынын у.м.а милициянын подполковниги А.Айтбеков жана орун басарлары, ЖКК бөлүмчөлөрүнүн башчылары офицердик курам катышуусунда үч ай аралыгында аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Жыл башынын тартып, Чүй облусу аймагында 54 миң 751 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Алардын ичинен:

  • Мас абалында унаа башкарган 526 айдоочу;
  • Автоээнбаштык жасаган 29 айдоочу;
  • Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 1561 айдоочу;
  • Жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар 1782 факты;
  • Терезелерин караңгылаткан 102 айдоочу;
  • Жол белгилерине баш ийбеген 13755 айдоочу;
  • Ылдамдыкты ашырып айдаган 19257 айдоочу;
  • Башка жол эрежелерин бузган 2155 айдоочу.

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2801 унаа айып короо жайына токтотулган.

Кеңешменин соңунда, Кыргыз Республикасынын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги М.Сыдыгалиев кемчиликтерди белгилеп, аларды жоюу, жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон жол унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында мектеп окуучуларына жол эрежелери боюнча сабактарды күчөөтү, ошондой эле өздүк курам арасында тартип жана мыйзамдуулукту сактоо багытында бир катар талап-тапшырмаларды жана жол коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптар коюулду.