Тармактык комитетте Улуттук онкология жана гематология борборунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угулду
17 март

Тармактык комитетте Улуттук онкология жана гематология борборунун учурдагы абалы тууралуу маалымат угулду

Бүгүн, 17-марттагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборундагы жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасындагы учурдагы абалы, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин маалыматы угулуп, эске алынды.

Жыйында баяндама жасаган Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов белгилегендей, учурда республика боюнча жалпы 572 онкологиялык керебет бар, анын ичинен Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборунда 421 керебет жана нөөмөтүнө 200 адам кабыл ала турган поликлиника иш алып барат.

«Жыл сайын онкологиялык оорулар көбөйүүдө. 2024-жылы республика боюнча залалдуу шишиктердин 6628 учуру катталган», - деген баяндамачы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасындагы абалга да учкай токтолду.

Талкуу маалында депутаттар Советбек Рустамбек уулу, Гүлсүнкан Жунушалиева омуртка булчуңдарынын атрофиясы (СМА) менен жабыркаган балдарды дарылоого мамлекеттик колдоону күчөтүүгө чакырышты. Депутат Илимбек Кубанычбеков бул багытта балдарга эрте диагноз коюу, скрининг жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү онкологиялык бейтаптар үчүн ооруканалардагы орундардын санын көбөйтүүнү, Ош облустук онкология борборунун жаңы имаратын курууну табыштады.

Ал эми депутат Дастан Бекешев өлкө боюнча онкологиялык оорулуулардын саны канча экенине кызыкты. Буга Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Нурбек Букуев учурда Кыргызстан боюнча онкология менен ооруган 33 511 жаран катталганын маалымдады.

Өз кезегинде депутат Айсулуу Мамашова дары-дармек сатуу боюнча коррупциялык схемаларды түзүү маселесине токтолуп, бул жаатта онкология борборунун мурдагы жетекчисинин жоопкерчилигин белгиледи. Андан тышкары, эл өкүлү борбордун ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу, акысыз берүүлүүчү дары-дармектерди адилеттүү бөлүштүрүү, дарыгерлерге онлайн жазылуу, ошондой эле онкологиялык ооруларды дарылоо боюнча жаңы клиникалык протоколдорду киргизүү зарылдыгын айтты. 

Депутат Сеидбек Атамбаев ооруканалардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, керектүү жабдуулар менен камсыз кылуу маселесин ортого салса, депутат Нилуфар Алимжанова профилактикалык иш-чараларды күчөтүү жана онкологияны эрте диагноздоо маселесин көтөрдү.