Бишкекте балык жеми салынган посылкадан 479 даана экстази табылды
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Россия Федерациясынын ИИМдин жана Федералдык бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына өзгөчө ири өлчөмдөгү «Экстази» психотроптук затын мыйзамсыз ташып келүү жана сатуу боюнча эл аралык каналдын ишине бөгөт коюуга багытталган атайын операция өткөрүлдү.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында М.А.А. жана А.М.Б. аттуу жарандар кармалды.
Кармалган жарандар Москва – Бишкек багыты боюнча жөнөтүлгөн, ичинде балык үчүн ар кандай жемдер салынган посылканы алышкан.
Посылканын ичин текшерүү учурунда темир банка аныкталып, анын ичинен кызгылт сары түстөгү, таблетка түрүндөгү 479 даана зат табылып алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган зат «MDMA» (экстази) психотроптук заты болуп чыккан.
Ошол эле күнү жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалгандардын бири мурда заттарды жашырган жерди көрсөтүп, аталган жерди текшерүү учурунда майда таңгакталган 20 даана зат табылып алынган. Учурда алардын курамын аныктоо боюнча тиешелүү экспертиза жүргүзүлүүдө.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, аталган психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу ишке ашырылган учурда, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кирешеси 1 млн 300 миң сомдон ашмак.
Учурда эл аралык каналдын бардык катышуучуларын, ошондой эле алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө байланыштуу башка фактыларды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
