Садыр Жапаров Корея президентинин Сеулдагы кеңсесине келди
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Корея Республикасынын президентинин Сеулдагы кеңсесине келди, деп билдирет мамлекет башчысынын басма сөз кызматы.
Ал жерде мамлекет башчысын Кореянын президенти Юн Сок Ёль тосуп алды.
Салам алышкандан кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Андан ары лидерлер өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырып, сүйлөшүүлөр залына өтүштү.
