ӨКМ аярлуу үй-бүлөлөргө кайрымдуулук көрсөттү
6 июнь

ӨКМ аярлуу үй-бүлөлөргө кайрымдуулук көрсөттү

Бүгүн, 6-июнда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин демилгеси менен момун мусулмандардын улуу Курман айт майрамына карата кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

Министрдин айтымында, бүгүн жасалган курмандык, берилген жардамдар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын кирешелеринин негизинде жасалууда.

Бул жолу өлкө аймагы боюнча министрликте иштеген аярлуу деп эсептелген 200дөн ашуун үй-бүлөгө жардам беришти.

Салт болуп калгандай, быйылкы улуу майрамда айт намаздан соң курмандыкка мал союлуп, буга кошумча ун, шекер, май топтому таркатылды.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук көрсөтүү иш-чарасы ӨКМге караштуу башкармалыктарында, мамлекеттик мекемелеринде өтүүдө.

Генерал-майор Бообек Ажикеев өз сөзүндө, мусулмандардын улуу майрамы – Курман айтта коомдун аярлуу катмарына, багар-көрөрү жокторго, кыйналып турган жарандарга жардам берүү ар бир жарандын парзы экенине токтолду. Аларга жакшы мамиле, кайрымдуулук, боорукерлик менен сый мамиле кылуу жалпы мусулманчылыкта өзгөчө орунду ээлейт.