Депутат Атамбаевди кармоо учурунда жаракат алган Самат Курманкуловдун пенсиясын көтөрүүнү сунуштады
14 май

Депутат Атамбаевди кармоо учурунда жаракат алган Самат Курманкуловдун пенсиясын көтөрүүнү сунуштады

2019-жылы Кой-Таш окуясында жабыр тарткан күч түзүмүнүн кызматкери Самат Курманкуловдун маселесин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков көтөрдү.

Айтымында, узак убакыттан бери ден соолугу менен алышып жаткан генерал-майор болгону 20 миң сом пенсия алат.

«Кызматтык милдетин аткарып жатып жаракат алган күч түзүмүнүн кызматкерлеринин пенсия 20 миң сом. Самат Курманкуловдун дарыланганына айына 100-150 миң сом кетет экен, а алганы 20 миң. Ушуну жакшылап көзөмөлгө алалычы. Кызматтык милдетин аткарып жатып ден соолугун жабыркаткан күч түзүмүнүн офицерлери, катардагы кызматкерлери анчалык деле көп эмес, 20 чакты эле. Алардын ата-энеси, үй-бүлөсү кайрылып жатышат, пенсия жада калса өздөрүнүн дары-дармектерине да жетпей калууда деп, көңүл буруп коелучу», – деди депутат.

Ошондой эле, ал президент Садыр Жапаров жакында күч түзүмдөрүнүн айлык акысы 1-июлдан тартып 35 пайызга көбөйө турганын билдиргенин, аны көпчүлүк абдан кубануу менен кабыл алышканын белгилеп, ушул жагдайда кызматтык абалын аткарып жатып жаракат алгандардын пенсиясын көтөрүүнү да кароону сунуштады.

Эске салсак, Самат Курманкулов 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо учурунда башынан жаракат алган. Анын айынан бир нече жолу операция болгон.