Кыргызстанда бир жумада 20 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
3 декабрь

Кыргызстанда бир жумада 20 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда 25-ноябрдан 1-декабрга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 20 миң 57 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен: 

  • Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-858;-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 253;
  • Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 74
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 369;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3261;
  • Автоээнбаштык – 3;
  • Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3594;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12014;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2022  автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

КР ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

ЖКККББнын басма сөз кызматы