Сыдыков патология менен төрөлгөн балдарды азайтуу үчүн кош бойлууларды пренаталдык скринингден өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштады
9 апрель

Сыдыков патология менен төрөлгөн балдарды азайтуу үчүн кош бойлууларды пренаталдык скринингден өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков коомчулукта кызуу талкуу жараткан буга чейинки билдирүүсүнө түшүндүрмө берди.

Эске салсак, ал Кыргызстанда жыл өткөн сайын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар көбүрөөк төрөлүп баштаганын, бул мамлекетке да, ошол баланын ата-эне, жакындарына да кыйын болуп жатканын билдирген. Ошону менен катар бала төрөлгөнгө чейин патологияны алдын алуучу мамлекеттик программа кабыл алууну сунуштаган.

Бул жолкусунда депутат өлкөдөгү бардык кош бойлуу аялдарды төрөткө чейин пренаталдык скринингден өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштады. Ошондо, түйүлдүктөгү патологияны эрте убакта аныктоого жана чара көрүүгө мүмкүн болот.

«Менин мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тууралуу айтканымды коомчулук катуу талкууга алды. Фашист дешти, ал турмак Гитлер менен бир катарга коюшту, ал үчүн рахмат. Талкууга катышкандардын баарына ыраазымын, бирок алар мени туура эмес түшүнүп алышты», – деген депутат билдирүүсүн түшүндүрдү.

«Бүгүн бул чакырык абдан актуалдуу. Биз жыл сайын улам жаңы оорулар пайда болуп жатканына күбө болуудабыз. Аларды дарылоо барган сайын кыйындап, кымбаттады. Айрыкча, генетикалык, тукум кууган оорулар балдарды талкалап, бир гана үй-бүлө үчүн эмес, жалпы коомчулук, мамлекет үчүн трагедияга айланып жатат. Кыргызстанда жылына 150 миң бала төрөлөт, алардын азыраагынын гана ата-энеси кош бойлуу учурунда Бишкек жана Оштогу эл аралык протоколго ылайык келген, жакшы жабдылган жеке клиникаларда көзөмөлдөнө алат.

Жеке клиникалардагы анализдердин, процедуралардын баасы кымбат экенин эске алсак, калктын басымдуу бөлүгүнүн капчыгына бул чак келбейт», – деди депутат.

Айтымында, пренаталдык скрининг – бул скринингдин бир түрү, медициналык изилдөөлөрдүн комплекси. Лабораториялык УЗИ кош бойлуулук учурунда түйүлдүктүн кемчиликтерин өнүктүргөн  тобокелдик тобун аныктоого багытталган. Кош бойлуу аял бул процедурадан өтсө, түйүлдүктүн патологиясын эрте аныктоо мүмкүн. Андан ары тереңдетилген текшерүүлөр жана консультациялар болот. Так ушул процедура калктын калың катмарына жеткиликсиз болуп жаткандыктан, патологиясы бар балдар көп төрөлүп жатат.

«Баланы жаратуу маалында патологияны алдында алуу ыкмасы жок. Патологиялуу балдар социалдык статусуна карабай ар кандай үй-бүлөдө төрөлүшү мүмкүн. Ошондуктан, бардык кош бойлууларды пренаталдык диагностикага жөнөтүү керек. Эгерде патология аныкталса, кош бойлуулукту сактоо же үзүүнү ата-эне өзү чечет», – деди Сыдыков.