Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин курулушуна капсула салды
26 декабрь

Ташиев Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин курулушуна капсула салды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад облустук көркөм-сүрөт жатак мектебинин курулушуна капсула салды.

Учурда эски имараттардын баары бузулуп, 3 кабаттуу, 100 балага ылайыкташкан бардык шарттар менен камсыздалган имараттар курулуп башталды.

Мекемеде көркөм сүрөткө кызыккан балдар жана кыздар облус аймагынан келип, жатып билим алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.