Бишкектеги "Азия" соода борборунан өрт чыкты
21 апрель

Бишкектеги "Азия" соода борборунан өрт чыкты

Бишкектеги "Азия" соода борборунан өрт чыкты, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

Кырсык күн мурун, 20-апрелде катталган. Тилсиз жоо соода борборунун кампасынан чыгып, өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

"Өрт саат 17:28де толук өчүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Өрттүн аянты 120 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.