Жогорку Кеңештин жыйыны мурунку Өкмөт үйүндө өтүүдө
Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйыны мурунку Өкмөт үйүндө өтүүдө.
Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу мунун себеби парламенттин жыйындар залындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экенин белгиледи.
«1-сентябрга чейин жаңылоо иштери аяктап, заманбап техникалар менен жабдылган залыбыз ишке киргизилет. Андыктан, май-июнь айларындагы жалпы жыйындарыбызды ушул залда убактылуу өткөрүп турабыз», – деди ал.
Ошондой эле VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарына ушул тарыхый жайда жыйын өткөрүү мүмкүнчүлүгү буйруганын айткан Төрага алдыдагы отурумдарда адаттагыдай эле маанилүү маселелер караларын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2010-жылга чейин мурунку Өкмөт үйүндө Жогорку Кеңеш жайгашып, парламенттин жыйындары уюштурулуп келген.
