Кыргызстанда “кошумча жабдык” рейди жүрүүдө. Эки күндө 1,9 млн сом айып салынды
17 март

Кыргызстанда “кошумча жабдык” рейди жүрүүдө. Эки күндө 1,9 млн сом айып салынды

Кыргызстандын аймагында “кошумча жабдык” аталышында рейд өткөрүп, “Сосновка” , “Арал”, “Чычкан”  жана башка көзөмөл өткөрмө жайларында оор жүк жана жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды токтотуп, көзөмөлгө алынууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Текшерүү учурунда  маршруттук унааларга ашыкча орундуктарды жана тапчандарды орнотуп,  жүргүнчүлөрдү жаткызып ташып жүргөн фактылар аныкталган.

Ошондой эле унааларга  багаждарды, фараларды, бортторду газ-баллондорду, тосмо борттор сыяктуу кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуп алгандары үчүн эки күн ичинде 349 айдоочу аныкталган. Аладын ар бирине 5500 сомдон протокол түзүлүп, жалпысынан 1 млн 919 миң 500 сомго айып  пул салынды.

Рейддик иш-чара мындан ары да улантылат.