Таластан жана Оштон келген студенттер Улуу Британияда сезондук иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту
21 ноябрь

Таластан жана Оштон келген студенттер Улуу Британияда сезондук иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту

Таластан жана Оштон келген студенттер Улуу Британияда сезондук иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, деп билдирет Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция миграция министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору британиялык “HOPS Labor Solutions Ltd” оператору менен биргеликте Талас мамлекеттик университети жана Ош технологиялык университети менен кызматташуу келишимине кол койду. 

Кызматташуунун максаты-Улуу Британияда сезондук айыл чарба иштери программасынын алкагында студенттердин стажировкаларын уюштуруу.

Келишимдин шарттарына ылайык, аталган университеттердин студенттерине 2025-жылга карата пилоттук долбоордун алкагында жайкы каникул учурунда Улуу Британияда эмгек акы төлөнүүчү стажировкадан өтүүгө кошумча мүмкүнчүлүк алышат.