Каракол мэриясынын балансына "Каракол дүң-чекене соода базасы" өткөрүлүп берилди
14 май

Каракол мэриясынын балансына "Каракол дүң-чекене соода базасы" өткөрүлүп берилди

Каракол шаарынын мэриясынын балансына жалпы аянты 2,52 гектар болгон "Каракол дүң-чекене соода базасы" өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеке менчиккемыйзамсыз өткөн жер тилкелерин мамлекеттинбалансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жатканиш-чаралардын алкагында жалпы аянты 2,52 га болгон "Каракол дүң жана чекене соода базасы" Каракол шаардык мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.

Белгилүү болгондой, 2000-жылы Ак-Суурайондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын чечими менен Гебзе көчөсү 200 дарегинен (1 га) жер тилкеси Каракол соода базасына бекитилип берилген, мындан тышкары 2001-жылы райондук мамлекеттик администрациясынын кийинки токтому менен жер тилкесинин аянты "мурдагы чечимдеги техникалыкката" деген жазуу менен 2,52 гектарга чейин көбөйтүлгөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган "Каракол дүң-чекене соода базасы" (мурдагы райондор аралык база) ыктыярдуу негизде Каракол шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди.