Эдил Байсалов Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту
9 апрель

Эдил Байсалов Пакистандын элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. 

Жолугушууда Эдил Байсалов Пакистан Кыргызстандын тышкы саясатында маанилүү орунду ээлей турганын белгилеп, эки тараптуу маммиле жылдан жылга бекемделип, анын жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүлүшүнө жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын кошумчалады. 

Өз кезегинде Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы туурасында Келишимдин кабыл алынышын кубануу менен белгиледи.  

Тараптар CASA-1000 долбоорунун алкагындагы “Датка-Сугд”  500 кВ линиясынын ишке киришин кубатташты. 

Ошондой эле, жакынкы арада Исламабадда өтүүчү Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистандык өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынына даярдык маселесине өзгөчө көңүл бурулду.