Индонезия БРИКСтин мүчөсү болду
7 январь

Индонезия БРИКСтин мүчөсү болду

Индонезия толук кандуу мүчө катары БРИКСке кошулду. Бул тууралуу 6-январда Бразилиянын өкмөтү билдирди. 

Индонезиянын арызы 2023-жылы жактырылган, бирок өлкө мүчөлүккө президенттик шайлоо аяктагандан кийин кошула тургандыгын билдирген. Прабово Субианто 2024-жылдын октябрында мамлекет башчылыгына келгенин Reuters эскерет.