Бишкекте 156 коомдук дараткана бар: 2ГИС сервисинин маалыматы
2ГИС маалымат сервисинин 2025-жылга карата маалыматы боюнча, Бишкек шаарындагы соода борборлорунда жайгашкандарды эсепке албаганда 156 гана коомдук дараткана болгон.
1,3 млн ашык калкы эске алганда, бул ар бир 8300 шаар тургунуна бир дараткана туура келет дегенди билдирет.
Республика боюнча 629 коомдук дараткана катталган. Бул маалыматтар 2ГИС картографиялык маалыматынын негизинде чогултулган, ал үзгүлтүксүз жаңыланып турат жана шаар объекттеринин учурдагы абалын чагылдырат.
