Тажикстандын ТИМ башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет
29 июнь

Тажикстандын ТИМ башчысы расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 30-июндан 1-июлга чейин расмий сапар менен Кыргызстага келет.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, сапардын алкагында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.