Президент Азамат Ишенбеков менен Зарина Төрөкуловага ырайым берди
9 апрель

Президент Азамат Ишенбеков менен Зарина Төрөкуловага ырайым берди

Президент Садыр Жапаров 41 адамга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Алардын катарында акын Азамат Ишенбеков жана активист Зарина Төрөкулова да бар.

Маалыматты президенттик администрация тастыктады. Ырайым алгандар бүгүн бошотулушу күтүлүүдө.

Эске сала кетсек, Зарина Төрөкулова «жапырт башаламандыкка» шек саналып УКМК тарабынан 2023-жылы сентябрда кармалган.

Активист «социалдык тармактарда «чагымчыл» билдирүүлөрдү жасаган» деп айыпталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” деген беренеси менен иш козголгон.

Ал эми Temirov Live жана «Айт, айт десе» долбоорунда иштеген акын Азамат Ишенбеков да «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айыпталып, Бишкектпн Ленин райондук сотунун өкүмү менен беш жыл абакка кесилген.