Түлөбаев айдоочуларга карата 1-сентябрдан баштап күчүнө кирүүчү жаңы эрежеге жалпы эл каршы экенин билдирди
9 апрель

Түлөбаев айдоочуларга карата 1-сентябрдан баштап күчүнө кирүүчү жаңы эрежеге жалпы эл каршы экенин билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев жол эрежесин бузган айдоочулардан ГАИ кызматкерлеринин сынак алуусуна эл каршы болуп жатканын билдирди.

Эске салсак, бул эреже президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 1-сентябрдан тартып кирмек болгон. Ага ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларды ГАИ кызматкери токтотуп, ошол турган жеринде жол эрежелери боюнча суроолорду берет, туура жооп бере албагандардын айдоочулук күбөлүгү алынат. Ал айдоочу сынактан ийгиликтүү өтмөйүнчө кайтарылбайт.

«Мага 20 жаштагы балдардан тартып 70 жаштагы аксакалдарга чейин кайрылып жатат. Бул эрежеге толугу менен каршыбыз, аксакал куракка келгенде ГАИ кызматкерлерине экзамен тапшыртып калжаңдатпагыла деп жатышат. Чынында, адам 100 пайыз акылдуу болуп кетпейт. Шашылышта унутуп калат, жаңылышып алат. Жок дегенде Бишкек менен Ош шаарына пилоттук кылып киргизип көрөлү. Болбосо эл катуу айтып жатат, бул туруктуулукка таасир бериши мүмкүн», – деди депутат.