Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды
17 март

Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 17-мартта Эл аралык өнөктөштүк боюнча Еврокомиссар Йозеф Сикела менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу маселелердин кеңири спектрин жана Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтыктын келечектүү долбоорлорун талкуулашты.

Министр Кулубаев Кыргызстан Европа Бирлиги менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп, кызматташтык экологиялык демилгелер, санариптик трансформация жана адамдык потенциалды өнүктүрүү сыяктуу маанилүү тармактарды камтышы керектигин билдирди.

“Европа Бирлиги Борбордук Азияда, атап айтканда, Кыргыз Республикасында ири инфраструктуралык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Биз мындай мамилени кубаттайбыз жана толук көмөк көрсөтүүгө даярбыз”, – деп белгиледи министр Кулубаев.

Өз кезегинде Еврокомиссар Й.Сикела жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы менен кыргыз тарапты куттуктады.

Ошондой эле, Еврокомиссар Европа Бирлиги Кыргыз Республикасы менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп, экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана аймакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин баса көрсөттү.

Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана ачык диалог маанайда өтүп, Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелердин жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктады.