Бишкекте өлкөнүн башкы балатысынын оту жанды
Бишкекте Ала-Тоо аянтында бүгүн өлкөнүн башкы балатысынын оту жанды. Иш-чарага шаар мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт.
Майрамдын коноктору үчүн кызыктуу көңүл ачуучу программа даярдалды. Сахнада Кыргызстандын белгилүү артисттери: Гүлзинат Суранчиева, Аваз Акимов, Айдана Дека, Арсен, Кудайберди Айтбосунов, “Тамга” тобу, Шухрат Якубов, Нурмат Садыров, Айгерим Расул кызы, Сыймык Бейшекеев, Айганыш Абдиева, Абир Касенов, Сайкал Садыбакова жана Айар өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Белгилей кетсек, шаардыктар үчүн эс алуу аймагы кеңейтилген жана эс алуу жайлары көбөйтүлгөн, бул ар бир адамдын майрамдан ырахат алуусуна шарт түздү.
Мындан тышкары, балдар үчүн мастер-класстар, аниматорлор жана муз тебүү аянты уюштурулуп, кичинекей шаардыктар көңүлдүү убакыт өткөрө алышты. Ошондой эле аянтта түрдүү тамак-аш жана суусундуктар сунушталган фуд-зона ачылды.
Ала-Тоо аянтын кооздоого 1,5 млн сом сарпталган.
