Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады
23 июнь

Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоо тексти: 

«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдыккызматкерлер!
Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – КыргызРеспубликасынын мамлекеттик жанамуниципалдык кызматкерлеринин күнү мененкуттуктайм!

Бул майрам мамлекетке жана Кыргызстандынэлине ак кызмат кылууга – жоопкерчиликтүү жанаардактуу ишке арнаган миңдеген адамдардыбириктирет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жетекчилиги алдында күчтүү, эгемендүү жанасоциалдык багыттагы мамлекетти куруу боюнчаырааттуу саясат жүргүзүлүүдө. Кеңиримасштабдагыреформалар мамлекеттүүлүктүбекемдөөгө, жарандардын бакубаттуулугунжогорулатууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнкамсыз кылууга багытталган.

Заманбап, натыйжалуу жана жыйынтыккабагытталган мамлекеттик башкаруу системасынкалыптандыруунун өзөктүү багыттары КыргызРеспубликасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүнулуттук программасында аныкталган.

Мамлекеттик жана муниципалдыккызматкерлердин кесипкөйлүгүнө, компетенттүүлүгүнө, демилгелүүлүгүнө жанажоопкерчилигине мамлекеттин туруктуулугу, анынстратегиялык курсунун ийгиликтүү ишкеашырылышы жана жарандарыбыздын жашоосапатынын жакшырышы көп жагынан көз каранды.

Ушуга байланыштуу мамлекет мыйзамдардыөркүндөтүү, мамлекеттик башкаруу системасынсанариптик трансформациялоо, мамлекеттикоргандардын жана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугунжогорулатуу, кадрдык потенциалды чыңдоо жанакызматкерлердин заманбап компетенцияларынөнүктүрүү боюнча комплекстүү чаралардыырааттуу ишке ашырууда.

Ошол эле учурда мамлекет тарабынан кызматкерлердин социалдык жактан корголушункамсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда. 

2022-жылдан тартып эмгек акы төлөөсистемасын өркүндөтүү боюнча чараларжүргүзүлүп, анын натыйжасында мамлекеттиккызматкерлердин эмгек акысы орточо эсеп менен110 %га, ал эми муниципалдык кызматкерлердики153 %га жогорулады. 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып иштин татаалдыгы жана натыйжалуулугуүчүн кошумча төлөмдөрдү 50 %га чейин көбөйтүү, ошондой эле 15 миң сом өлчөмүндөкомпенсациялык төлөм киргизүү каралган.

Кызматкерлерди турак жай менен камсызкылуу дагы маанилүү багыттардын бири болупсаналат. «Менин үйүм» мамлекеттик турак жайпрограммасынын алкагында миңдеген жарандар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдыккызматкерлер турак жай шарттарын жакшыртуугамүмкүнчүлүк алышты. Бул багыттагы иштермындан ары да улантылат.

Ошол эле учурда заманбап мамлекеттик жана муниципалдык кызмат билимди үзгүлтүксүзжаңыртууну жана кесиптик өнүгүүнү талап кылат.

Бул багытта Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу Жусуп Абдрахмановатындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынаөзгөчө роль жүктөлгөн. 2025-жылы Академиягаөзгөчө макам ыйгарылып, ал өлкөнүн стратегиялыкөнүгүү максаттарын ишке ашыра ала турган жаңымуундагы башкаруучулук кадрларды даярдоонуннегизги борборуна айланууда.

Биз кесиптик билим, заманбап компетенцияларжана мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүүнатыйжалуу мамлекеттик башкаруунун негизиболуп саналат деп ишенебиз.

Урматтуу кесиптештер!

Мамлекетке жана коомго кызмат кылуумыйзамдуулуктун, жоопкерчиликтин, мекенчилдиктин жана Кыргыз Республикасынынкызыкчылыктарына берилгендиктин үлгүсү бойдонкалууга тийиш.

Өлкөбүзгө жыйынтыкка багытталган иш алыпбарууга, жоопкерчиликтүү чечимдерди кабылалууга жана Кыргыз Республикасынын Президентименен Министрлер Кабинети тарабынан коюлганмилдеттерди натыйжалуу ишке ашыруугажөндөмдүү, кесипкөй, чынчыл, демилгелүү жанамамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн жетекчилеркерек.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жанамуниципалдык кызматкерлери мындан ары да мамлекеттин ишенимдүү тиреги болуп, өлкөнүнэгемендүүлүгүн чыңдоого, эл аралык аброюнкөтөрүүгө жана Ата Мекенибиздин стратегиялыкөнүгүү максаттарына жетүүгө татыктуу салымкошот деп ишенем. Биз биргеликте күчтүү, заманбап жана өнүккөн Кыргызстанды курабыз.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ар бирине ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана Ата Журтка кызмат кылууга болгон берилгендиги үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, түгөнгүс күч-кубат, жаңы кесиптик ийгиликтерди, келечекке болгон бекем ишенимди жана Кыргыз Республикасынын жыргалчылыгы үчүн жүргүзгөн жооптуу ишиңиздерде зор ийгиликтерди каалайм!

Майрамыңыздар менен, урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!»