УКМКнын Чаткал райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди
29 июнь

УКМКнын Чаткал райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 28-июнда УКМКнын Чаткал райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын пайдаланууга тапшырды.

Иш-чарага атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө мыйзамдуулукту бекем сактоону жана мамлекет тарабынан көрүлуп жаткан камкордука татыктуу болууну эскертти.

Буга чейин Уюшкан кылмыштуулук кандай чечекиндүлүк менен жок кылынган болсо, эми өлкөдө коррупция дагы түп тамырынан эжок кылыныш зарыл экенин белгиледи.

Камчыбек Ташиев УКМКнын Чаткал райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн курулган кызматтык үйдүн дагы ачкычтарын тапшырды. Эми кызматкерлер башка жерлерде эмес, райондук бөлүмгө жанаша жайгашкан жаңы кызматтык үйдө өз үй-бүлөлөрү менен жашап, кызматын аткарышат.