Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иши активдүү жүргүзүлүүдө
Үч-Коргон ГЭСиндеги №3 гидроагрегатты реконструкциялоо долбоорунун алкагында кеңири масштабдагы иштер уланууда, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө №3 гидроагрегатты демонтаждоо иштери 91%га аткарылып, иштер активдүү жүрүп жатат.
Реконструкциялоонун алкагында төмөнкү негизги этаптар ишке ашырылууда:
* Жумушчу дөңгөлөктүн бычактарын демонтаждоо
* Жумушчу дөңгөлөктүн камерасын демонтаждоо
* 3-гидроагрегаттын техникалык суу менен жабдуу түтүктөрүн монтаждоо
* Статордун темирин чогултуу
* Жаңы борбордук башкаруу пультунда станцияны башкаруу тутумун жөндөө
3-гидроагрегатты ишке киргизүү 2025-жылдын ноябрь айына пландалган. Реконструкция бүткөндөн кийин анын кубаттуулугу 54 МВтты түзөт, бул модернизацияга чейинки көрсөткүчтөн 9 МВтка көп.
Бул станциянын жалпы өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, региондун энергетикалык туруктуулугун бекемдейт.
