Бишкектин айрым жерлеринде 20-мартта ичүүчү суу болбойт
Бишкектин айрым жерлеринде 20-мартта саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу болбойт, деп кабарлайт «Бишкексууканал» ишканасы.
Өчүрүү району:
• темир жол тилкемеси- М. Фрунзе көчөсү-Аламудуд суусу- Панфилов көчөсү
• темир жол тилкемеси-Матросов көчөсү- Горький көчөсү- Гвардейский туюк көчөсү – Бектенов көчөсү-Скрябин көчөсү-Мавлянов көчөсү-7-апрель көчөсү.
Ичүүчү сууну өчүрүү «Көк-Жар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
«Бишкексууканал» МИси жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.
