Ош шаарында жылуулук берүү токтотулду 
17 март

Ош шаарында жылуулук берүү токтотулду 

Ош шаарында 17-мартка караган түнү саат 00:00дө жылуулук берүү токтотулуп, кышкы жылытуу мезгили аяктады. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлайт. 

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.

Жылуулук менен камсыз кылуучу мекемелерге кийинки жылуулук берүү мезгилине карата даярдык көрүү тапшырмасы берилди.